Быйыл кайсы класстын окуучулары бир класс аттай турганы белгилүү болду
RU

Быйыл кайсы класстын окуучулары бир класс аттай турганы белгилүү болду

Все самое интересное в Telegram

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында кайсы класстын окуучулары бир класс аттай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен Kaktus.media сайтына билдирди.

Мекемеден түшүндүргөндөй, бешинчи класстын окуучулары 2025-2026-окуу жылында интеграцияланган окуу планы (5+6) боюнча окушкан. Ошондуктан, сентябрь айында алар 12 жылдык билим берүүнүн алкагында дароо эле жетинчи класска өтүшөт.

Андан тышкары үчүнчү жана сегизинчи класстардын окуу пландарына өзгөртүүлөр киргизилет.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 12 жылдык билим берүүгө өтүү планы бекитилип, анда класстан класска "секирик" жасоо каралган. Бирок, кийинчерээк бул планга өзгөртүүлөр киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17855