Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды
16
Ысык-Көл облусунда селден кийин дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15 жаштагы окуучунун сөөгү 8-июнга караган түнү саат 3төр чамасында Булан-Сөгөттү айылында сел калдыктарынын арасынан табылган.
Эске салсак, 5-июнда саат 20:00 чамасында жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшкөн. Ал сел сууларына кошулуп, баткак түрүндөгү ылай Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунун 92-чакырымында Mercedes Sprinter жана Ford Mondeo унааларын, 2 кишини басып калган. Куткаруучулар ошол түнү бир адамдын жансыз денесин таап, экинчисин издөө иштери уланып жаткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17961
