Ысык-Көлдө сел жүрүп, бир адам каза болду
RU

Ысык-Көлдө сел жүрүп, бир адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда 5-июнда сел жүрүп, анын кесепетинен бир жаран каза болду. Маалыматты укук коргоо органдарынын кызматкерлери Kaktus.media сайтына билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сел агызып кеткен унаада беш адам болгон. Үчөөнүн абалы канааттандырарлык, бирөө каза болгон, ал эми бешинчисин издөө иштери уланууда.

Белгилесек, 5-июнда Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айыл аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда сел жүрүп, жолдун айрым бөлүктөрүн каптаган. Күбөлөр сел суулары бир нече унааны агызып кеткенин айтышкан. Унаа жол убактылуу жабылган эле.

6-июнга караган түнү саат 01:10 чамасында аталган унаа жол тазаланып, каттам ачылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17963