Караколдо ипотекалык үйлөрдү суу каптады деген видео тарады
RU

Караколдо ипотекалык үйлөрдү суу каптады деген видео тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нөшөрлүү жаан-чачындан улам Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Интернетке тараган видеодон суу подъезддерди каптап, батирлердин ичине чейин киргенин көрүүгө болот. Чатырдан аккан суудан улам тепкичтерде жана бөлмөлөрдө көлчүк пайда болгон.

Кечээ, 19-майда өлкөдө жааган катуу жамгырдан айрым жерлерде (Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактары) сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сел Каракол - Эңилчек жолунун 10-чакырымын жеп, Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында төрт, Отуз-Уул айылында үч, Үч-Кайнар айылында төрт турак үйдүн короо жайын каптаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17848