Ошто ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды
130
Бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Асман Резиденс - 1" турак жай комплекси жана онлайн-режимде Ош облусундагы Жаңы-Арык айылындагы көп кабаттуу турак үй ачылды. Иш-чарага Садыр Жапаров катышты.
"Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири – бул үйгө муктаж жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу деп айтып келебиз. Айткан сөзүбүз ишибиз менен айкалышып, өлкөбүздө турак жай куруу мурда болуп көрбөгөндөй темп менен жүрүп жаткандыгына өзүңүздөр күбөсүздөр", - деген президент.
Ал эми Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында көп кабаттуу 5 үйдүн ачылышы онлайн өттү. Биринчи этабында 225 батир тапшырылды, 2-этап менен жыл соңуна чейин дагы 225 батир курулуп бүтүп, ээлерине берилет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17971
