Мэрия көрүстөндөн алдын ала жер брондоого кимдерге уруксат берилерин айтты
RU

Мэрия көрүстөндөн алдын ала жер брондоого кимдерге уруксат берилерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентин бекитүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыккан. Калаа башкармалыгы документ боюнча түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, каза болгон күйөөсүнүн/аялынын жанынан алдын ала кабыр ээлөө укугу никелик мамилелерди ырастоочу документтери барларга берилет. Белгиленгендей, сөөк коюу үчүн орун брондоо ыктыярдуу.

Бул мүмкүнчүлүктү мурда жерге берилген жубайынын жанынан алдын ала орун брондоону каалаган жарандар гана пайдалана алышат. Ал эми башка жарандар үчүн сөөктү жерге берүү тартиби өзгөрүүсүз калат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө сөөк коюу үчүн бир орунду алдын ала ээлеп коюунун жалпы баасы 150 647 сомду түзөт. Орун узак мөөнөткө – 10 жылга ээленгендиктен муниципалдык ишкана бул жылдар аралыгында бөлүнгөн тилкени күтүү жана көрктөндүрүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат дешет мэриядан.

Эгерде, суроолор болсо "Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги" муниципалдык ишканасынын 0312 370 327 номерине чалып, кеңири маалымат алса болот.

Башкы беттеги сүрөт: eurasianet.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17973