"Күнөөңүз жок". Мэр балдар күнүндө аянтта музыка койгон ди-джей менен жолугушту
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 1-июнда "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык иш-чарада музыка койгон жаш диджей менен жолугушту.
Белгилесек, ШКУнун Дельфий оюндарынын коло медалынын ээси майрамдык иш-чарада коюлган адепсиз музыка үчүн бардык сыйлыктарынан ажыратылган. Бирок калаа башчысы бул окуяда бардык процесстерге тийиштүү көзөмөлдү жана координацияны камсыздай албаган уюштуруучулар жооптуу экенин белгиледи.
"Бул окуяда сиздин күнөөңүз жок. Тилекке каршы, ушундай жагдай жаралып калды. Эч ким сиздин жетишкендиктериңизден жана сыйлыктарыңыздан күмөн санабайт. Өзүңүз сүйгөн иш менен алектенүүнү улантып, чеберчилигиңизди өркүндөтүп, Бишкек шаарын ар кандай иш-чараларда жана сынактарда татыктуу көрсөтө бериңиз", - деген мэр.Ошондой эле борбор калаа башчысы кызды ыктыярчылык ишмердүүлүгүн улантууга, шаардын коомдук жашоосуна активдүү катышууга чакырды.
Өз кезегинде кыздын апасы окуя техникалык катачылыктын натыйжасында орун алганын белгилеп, бул жагдай кызы үчүн олуттуу сабак жана маанилүү тажрыйба болгонун айтты дешет мэриядан.
Эске салсак, борбордук аянтта балдардын майрамын белгилөө учурунда адепсиз сөздөр камтылган музыка жаңырган. Бул коомчулукта нааразычылык жараткандан кийин мэриянын кызматкерлерине чара көрүлүп, диджей катары иш алып барган кыз бардык сыйлыктарынан ажыратылганы кабарланган.
