Садыр Жапаров УКМК төрагасынын орун басарын алмаштырды
RU

Садыр Жапаров УКМК төрагасынын орун басарын алмаштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров УКМК төрагасынын орун басары - УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директорун алмаштырды. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду.

Ал эми Ажыгулов Алмаз Алиаскарович УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17975