УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн чогултуп, эскертүү берди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн мурда соттолгон, ошондой эле кылмыштуу чөйрөдө бейрасмий макамга ээ болгон жарандар менен жолугушуу өткөрдү. Коопсуздук комитетинен билдиргендей, жалпы 28 адам катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аларга мыйзамдарды жана укук тартибин так сактоо талаптары эскертилип, укукка каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги түшүндүрүлдү деп айтылат.
Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар кылмыштуу чөйрөдөгү уурулук түшүнүктөрдөн жана криминалдык идеологиядан баш тарта тургандыктарын, ошондой эле мындан ары мыйзамсыз иш-аракеттерге катышпай тургандыктарын билдиришти.
УКМК мыйзамдуулукту чыңдоого, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келатканын белгилейт.