Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу бир тараптуу ачылды
12
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш көчкү толук тазаланды. Учурда жол бир тараптуу ачылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Ал эми жолдун 243-280-чакырым аралыктарына дагы таш көчкү түшүп, жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери улантылууда.
Министрлик дагы кошумча маалымат берилерин билдирди.
Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17976
