Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу ачылды. Бирок чектөө бар
RU

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу ачылды. Бирок чектөө бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү унаа жол ноябрь айына чейин убактылуу ачылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдагандай, жолдо жүрүүдө чектөөлөр бар.

Ага ылайык:

  • Кыймыл күндүзгү убакытта - таңкы саат 6:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
  • Унааларга октук басымы 11,5 тонналык салмакты сактоо эскертилет.
  • Тоннелден өтүүчү жол акысы автотранспорттун түрүнө жана категориясына жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин алынат.
  • Жалал-Абад тарабында жана Балыкчыда 2 мобилдик көчмө топ жүк ташуучу унаалардын салмак габариттик ченемдеринин сакталышына көзөмөл жүргүзөт.

Убактылуу каттам туристтик мезгилде автожолдордогу жүктөмдү азайтуу максатында берилди. Жалпы узундугу 433 чакырымды түзгөн трассага учурда заманбап жол белгилери, электрондук маалымат такталары жана эскертүү системалары орнотулган.

Эми айдоочулар Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин 6 саатта (учурда жолдун убактысы 13 саат) жете алышат. Башкысы, ылдамдыкты ашырбоо эскертилет дешет министрликтен.

​Белгиленгендей, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу толугу менен 2028-жылы пайдаланууга берилери пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17919