Чет элдиктерге катталган кыймылсыз мүлктүн саны айтылды
RU

Чет элдиктерге катталган кыймылсыз мүлктүн саны айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жалпы 3,5 миллиондон ашык кыймылсыз мүлк катталган. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов Жогорку Кеңештин тармактык жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Бактыбек Чойбеков чет элдик жарандардын атына катталган кыймылсыз мүлк боюнча маалымат сурады.

Токтосунов 20 миңдей кыймылсыз мүлк чет элдиктерге катталганын кабарлады. Айтымында, чет элдиктер объектти гана сатып ала алышат, ал эми имарат турган жер ижарага берилет. Эгерде ошол эле кыймылсыз мүлктү кыргыз жараны сатып алса жер тилкеси менчикке өтөрүн айтты.

Буга чейин, депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына 2025-жылга жана 2026-жылдын биринчи чейрегине карата чет элдиктер Кыргызстандан 2408 мүлк сатып алганын жазган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Freepik.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17977