Депутат бала бакча, мектеп менюсунан кант менен чайды алып салууну сунуштады
16
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев бала бакча, мектеп менюсунан чай менен кантты алып салууну сунуштады.
Эл өкүлү Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасына таянып, өлкөдө балдардын 95 пайызында тиш кариеси бар экенин айтты. Мунун себептеринин бири туура эмес тамактануу деген ал.
"Биздин бакчадагы балдар кант жеп жатышат. Кумшекерди баарына - компотко, айран, боткого, жумшак токочторго кошуп жатышат. Чайга да кошушат. Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгүндө темир жетишсиздиги бар экенин эске алганда, чайды 12 жашка чейин колдонбош керек. Анын ордуна суу, шекерсиз айран, суусундукатрды берсе болот. Чайды бала бакча, мектеп менюсунан алыш керек", - деди Бекешев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17939
