Кыргызстан аба коопсуздугу боюнча Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыкты
197
Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин кара тизмесинен чцгарылды. "Ынтымак Ордодон" билдиришкендей, өлкөдө тастыкталган бардык аба аркылуу ташуучулар ЕБге тоскоолдуксуз каттай алат.
Мындай чечим ЕБдин Учуулар коопсуздугу боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майындагы жыйынында кабыл алынган.
Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери турган.
Европа Комиссиясы өлкөнүн акыркы жылдары жарандык авиацияны реформалоо, учуулардын коопсуздугун мамлекеттик көзөмөлдөөнү бекемдөө жана улуттук системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча системалуу иштерин баалаганы айтылат маалыматта.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17978
