Ошто инспектордун унаасын сүзгөн айдоочу кармалды
RU

Ошто инспектордун унаасын сүзгөн айдоочу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн-Мырза-Аке автожолунда инспектордун унаасын сүзгөн айдоочу камакка алынды. Буул туурасында Ош ОИИБден билдиришти.

Белгилесек, 1-июнда саат 13:00 чамасында Өзгөн–Мырза-Аке жолунда токтоп турган Kia K5 үлгүсүндөгү автоунааны Mercedes-Benz C200 сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен.

Аны токтотуу максатында Куршаб, Таш-Арык, Тойчу айылынын бурулушу, Учкун жана башка көзөмөлдөө пункттарында тосуу чаралары көрүлгөн. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен.

Кийинчерээк Кыргыз-Чек постунда патрулдук унаа менен жолду торогондо да айдоочу токтобой, кызматтык автоунааны, андан соң Hyundai Porter"ди сүзгөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Mercedes-Benz C200 унаасынын айдоочусу мас абалда экени аныкталган", - дешет башкармалыктан.

Чогултулган материалдын негизинде 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, 2008-жылы туулган Н.Б. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланып жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17928