Рулду буту менен башкарган жаранды айдоочулук укуктан ажыратуу маселеси каралат
310
Бишкекте рулду колу менен эмес, буту менен башкарып айдоочу кармалды. Милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынан кабарлашкандай, айдоочу жол кыймылынын эрежелерин одоно түрдө бузган.
Маалым болгондой, айдоочунун видеосу социалдык тармакка тараган. Кайгуул кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаасы айып короосуна токтотулду.
Мындан ары топтолгон материалдар айдоочуну транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу маселесин кароо үчүн сотко жөнөтүлөт.
Кайгуул кызмат башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жолдордо жоопкерчиликтүү болууга чакырат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17980
