Бишкекте каршы тилкеге чыккан унаанын айдоочусу каза тапты. Видео
RU

Бишкекте каршы тилкеге чыккан унаанын айдоочусу каза тапты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте KIA унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Renault менен кагылышты. Кырсыктын кесептенен 22 жаштагы айдоочу каза болгонун Кайгуул кызматынан билдиришти.

Такталгандай, бүгүн, 2-июнда саат 06:45те Манас проспекти менен Рыскулов көчөсүндө КIA Optima автонуаасы каршы тилкеге чыгып, Renault үлгүсүндөгү машина менен кагышкан. Renault унаасы жүргүнчү ташыган автобуска урунган.

Кырсыктын кесепетинен КIA Optima унаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган Б.Б.Н. "Тез жардам" кызматы келгенге чейин каза болгон. Андан тышкары 2 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Окуя боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп, унаалар айып короосуна жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17929