Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат
RU

Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кыргызстандын Кызыл китебин жаңыртуу боюнча макулдашты.

Министрликтен билдиришкендей, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Кыргызстандын бардык аймактарында комплекстүү талаа жана камералдык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Максаты – флора жана фаунанын сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүнүн абалы жөнүндө актуалдуу, так маалыматтарды алуу.

Долбоор 24 айга эсептелген, ал эми пландалган иштердин жалпы наркы 21 миллион сомго жакын каражатты түзөт. Эки жылдык иштин жыйынтыгында окумуштуулар Кызыл китептин жаңы басылышынын негизин түзгөн фундаменталдык илимий базаны министрликке берет.

Учурдагы Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине жоголуп бараткан жана жоголуу коркунучунда турган 57 түрдүү куштар, 23 түрдүү сүт эмүүчүлөр, 2 түрдүү жерде-сууда жашоочулар, 8 түрдүү сойлоочулар, 7 түрдүү балыктар, 18 түрдүү муундуу буттуулар, ошондой эле 89 түрдүү жогорку өсүмдүктөр жана козу карындар кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17981