Аткезчиликтин курмандыгы болгон үч шумкар эркиндикке коё берилди. Репортаж
RU

Аткезчиликтин курмандыгы болгон үч шумкар эркиндикке коё берилди. Репортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан эки ай мурда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан 18 жаштагы бала "Кызыл китепке" кирген 4 ителгини аткезчилик менен алып кирип келе жатканда кармалган. Аны ZooBishkek жаныбарларды реабилитациялоо борбору эки ай багып, калыбына келтирип, 10-октябрда эркиндикке коё берди. Ага биздин редакция да күбө болуп кайтты.

Төрт ителги менен чек араны кесип келе жаткан 18 жаштагы баланы Аламүдүн райондук милициясы кармашкан. Кийин ал ZooBishkek жаныбарларды реабилитациялоо борборуна өткөрүлүп берилгенден кийин дары-дармектер берилип, калыбына келтирүү иштери башталган. Борбордун директору эки айдын ичинде шумкарлар витамин менен камсыз болгонун жана эми эркиндикке чыгууга толук даяр экенин айтып берди.

"Бизге тергөөчү чалып, аткезчилик жол менен кыргыз-казак чек арасында "Кызыл китепке" кирген шумкарларды алып кирүү фактысы катталганын айтты. Биз аларды убактылуу биздин реабилитациялык борборго жайгаштырууну туура көрдүк. Шумкарларды абдан катуу байлап салышыптыр. Аларга суу берип, тамак-ашын берип, витамин берип толук калыбына келтирдик. Ошондуктан аларды азыр эч коркпой эркиндикке чыгарууга болот", - дейт ал.

Шумкарларды эркиндикке чыгара турган аймак Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрили менен биргеликте тандалган. 10-октябрда аларды бошотуу үчүн министрликтин өкүлдөрү жана орнетологдор келип, ителгилерге атайын чип, номер менен белгиленген шакекчелер тагылды. Канаттуулар Чүй облусунун Интернациональное айылынын үстүндөгү тоолордо эркиндикке бошотулду.

"Шумкарлардын абалы жакшы. Толук калыбына келишкен. Күчү бар. Аларга атайын белги берүүчү чип-датчиктер орнотулду. Эми аларды биз кайсыл жерде учуп жүргөнүн билип турсак болот. Ал эми номерленген шакекчелер канаттуулар каякка учуп барса да кайсыл өлкөдөн, качан эркиндикке бошотулганы жана башка маалыматтарды өзүнө камтыйт. Башка өлкөлөр мындай тажрыйбаны көптөн бери колдонуп келишет", - деди орнетолог Курвантай Билалдинов.

Эске салсак, Бишкекте алты жылдан ашык убакыттан бери Жаныбарларды реалибитациялоо борбору иштеп келет. Ал жерге 30 түрдүү жандык ар кандай шартта алып келинген. Бул борбор жаныбарларды сатып албайт. Ал жакка кырсыкка учурап же кароосуз калган жандыктар жеткирилет. Азыр жаныбарлар турган жай оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал үчүн бери дегенде эле 4,5 млн сом керектелүүдө. Kaktus.kg редакциясы буга чейин да аталган жайдагы жаныбарлар, ZooBishkek реабилитациялык борбору тууралуу айтып берген.

ZooBishkek реабилитациялык борборуна жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп:

MBANK: +996 556 66 66 02

Элсом: 0556 66 66 02

Оптима Банк: 4169 5853 4596 1030 (Владислав Шевченко)

Кыргызстан Банк: 4177 4901 6655 9700 V.Sh

KICB: 4446 7910 6010 2520 V.Sh

Demir Bank: 4215 8901 1690 9018

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17640