Фархат Иминов Виртуалдык активдер боюнча улуттук агенттиктин башчысы болду
RU

Фархат Иминов Виртуалдык активдер боюнча улуттук агенттиктин башчысы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси болуп Фархат Иминов дайындалды. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.

Фархат Иминов буга чейин президентке караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын башчысы болуп иштеген. Ал бул кызматынан бошотулган.

Эске салсак, Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук агенттик 2026-жылдын 28-майында түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17982