Эми жарым жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет
RU

Эми жарым жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, эми убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөр берилет.

Токтомго ылайык, мындай документ айдоочулук мектепте кеминде төрт ай окуган, теориялык жана практикалык экзамендерден ийгиликтүү өткөн жарандар үчүн жеткиликтүү болот. Документ электрондук түрдө Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу 6 айга берилет.

Убактылуу күбөлүктөр Кыргызстандын ичинде гана жарактуу, ошондой эле анын мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Эгерде айдоочу 6 ай аралыгында жол эрежесин үч же андан көп жолу бузса убактылуу күбөлүк жокко чыгарылып, автомектепке окуусун кайра баштайт.

Ал эми берилген убакыттын ичинде жол эрежесин одоно бузбаса, расмий күбөлүк тапшырылат.

Токтом расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, 2025-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүк берүү саясаты бир топ өзгөрдү: жеке менчик автомектептер жабылып, мамлекеттик мектептер ачылып, анда окуу мөөнөтү бир топ узартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17861