Парламентте окуу жылын 8-сентябрда баштоо сунушталды
Депутат Дастан Бекешев окуу жылын 8-сентябрда баштоону сунуштады. Бул туурасында эл өкүлү парламент жыйынында билдирди.
Белгилесек, Министрлер кабинети мектептердеги 5 күндүк окуу жумалыгын 6 күнгө которуу боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга койгон. Депутат бул маселеге ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар да курч реакция кылып жатканын айтты.
"Алар караманча каршы болуп жатышат. Эгер башка эч нерсе ойлоп таба албасаңар, жок дегенде окуу жылын 8-сентябрда баштоону сунуштайт элем. ШКУнун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да аяктап калат. Мугалимдердин, ата-энелердин жана балдардын пикирин эске алыңыздар", - деди депутат.
Эскерте кетсек, 2026-2027-окуу жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу 15-сентябрда башталат. Жогорудагы иш-чаралардан улам эки жумалык программаны толуктоо үчүн 6 күндүк окуу сунушталган.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
