Министрлик 6 күндүк окууну кайра киргизүү боюнча түшүндүрмө берди
Агартуу министрлиги буга чейин сунушталган 6 күндүк окуу жумалыгы боюнча түшүндүрмө берди. Министрлик бардык окуучулар жыл бою жумасына алты күн окубайт деп билдирет.
Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылында 6-11-класстардын окуучулары үчүн сегиз ишемби күнү кошулат.
"Бул жаңы окуу жылында сабактар адаттагыдан кечирээк - 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталарына байланыштуу. Окуу жылы 25-майда аякташы керек", - дейт Агартуу министрлигинен.
Ошол себептен окуу программасын толугу менен өздөштүрүү үчүн мектептер ишемби күндү кошумча окуу күндөрү катары колдоно алышат.
Ар бир мектеп билим берүү процессин эске алуу менен жана ата-энелер, жергиликтүү билим берүү органдары менен кеңешип, ишемби күндөрүн өзүнүн графигине кошо алат.
Ал эми 1-5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы сакталары белгилүү болду.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
