Бишкекте светтин массалык түрдө өчүшү боюнча текшерүү жүргүзүлөт
Бишкектин көпчүлүк бөлүгүндө 6-июнда электр энергиясы өчүп калган. Бул окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлдү.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, факты боюнча укук коргоо органдарына да кайрылышкан жана учурда текшерүү жүрүп жатат.
Мекеме иликтөөдөн кийин кылмыш иши козголобу, жокпу, келтирилген зыяндын көлөмү жана компенсацияны ким төлөй турганы белгилүү болот деп билдирет. Ошону менен катар эле атайын комиссия текшерүү жүргүзүп баштаган. Компаниядан текшерүүнүн корутундусу менен бөлүшүүнү убада кылышты.
Белгилесек, 6-июнда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы жүк ташуучу унаа 110 киловольттук электр чубалгысын үзүп кеткендиктен Бишкектин бир катар аймактарында свет өчүп калганын билдирген.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
