Бишкекте жүк ташуучу унаа электр чубалгысын үзүп кеткендиктен свет өчкөн
RU

Бишкекте жүк ташуучу унаа электр чубалгысын үзүп кеткендиктен свет өчкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы Бишкектин көпчүлүк районунда светтин өчүрүлүшү боюнча маалымат таратты. Анда жүк ташуучу унаа 110 киловольттук электр чубалгысын үзүп кеткени айтылат.

Учурда энергетикалык компаниялар калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышканы белгилүү болду.

Ишкана курулуш компанияларынан электр линияларынын жанындагы коопсуздук зоналарын сактоону суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17968