Кийинки жылдан баштап ар бир окуучунун тамактануусуна 40 сомдон бөлүнөт
2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын президенттин администрациясы кабарлады.
Учурда 1-4-класстардагы окуучулардын тамактануусу үчүн республикалык бюджеттен күнүнө 14 сом (1 окуучуга) бөлүнөт.
Президенттин администрациясы каржылоону жогорулатуу мектептеги тамак-аштын сапатын жакшыртат деп белгиледи. Тактап айтканда, балдардын тамактануу рационуна эт жана балык тамактары, сүт азыктары, жашылчалар жана жемиштер көбүрөөк киргизилет. Ошондой эле тамак-аш белоктор, майлар жана углеводдор жагынан ар түрдүү жана тең салмактуу болот деп күтүлүүдө.
Маалыматта айтылгандай, президенттин бул чечими аймактардагы мектептеги тамактанууну уюштуруудагы айырмачылыктарды азайтууга, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.
