Колбаса чыры. Соода-өнөр жай палатасы россиялыктарды кырдаалга баа берүүгө чакырды
RU

Колбаса чыры. Соода-өнөр жай палатасы россиялыктарды кырдаалга баа берүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы эт азыктарын өндүрүүчү "Tойбосс" компаниясынын айланасында түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

Буга чейин Россельхознадзор Кыргызстандан алынып келинген колбасанын курамында декларацияланбаган соя жана чочконун ДНКсы табылганын билдирген. Ведомство Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын көңүлүн мал чарба азыктарын экспорттоодо ветеринардык көзөмөлдүн жетишсиздигине бурган.

"Tойбосс" Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү жана рынокто көптөн бери иштеп келе жатат. Ата мекендик өндүрүүчү өзүн ак ниеттүүлүгүн далилдеди, продукциясынын адал экенине жана ар дайым текшерүүдөн өтүшүнө кепилдик берет. Ошондуктан россиялык кесиптештерди кырдаалга баа берүүгө чакырабыз. Учурдагы кырдаалды иликтеп, чындыкты аныктоо үчүн колдон келгендин баарын кылабыз", - дешет Соода-өнөр жай палатасынан.

Анда белгиленгендей, Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү жактайт, бирок ошол эле учурда бардык компанияларды тигил же бул продукцияны өндүрүүдө кабыл алынган бардык нормаларды жана стандарттарды сактоого чакырат.

Эске салсак, өткөн дем алыш күндөрү Россияга Кыргызстандан экспорттолгон адал колбасанын курамында чочконун эти табылды деген маалымат коомчулукту дүрбөлөңгө салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11532