Нарындагы айланма жолго чектөө киргизилди
10
Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Арка тилкесинде курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Буга байланыштуу Нарын шаарындагы айланма (Жаңы-Жол) жол убактылуу жабылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлагандай, жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаа каражаттарынын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет.
Министрлик айдоочулардан алдын ала маршруттарын пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду колдонууну өтүнөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18005
