Депутаттар Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук беришти
RU

Депутаттар Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алтынбек Рысбековдун талапкерлиги каралды.

Талапкердин эмгек жолу тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Депутаттар тармактагы негизги көйгөйлөргө да токтолушуп, жаңы министрден жаңы реформаларды күтүшөрүн айтышты. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү сунушту колдоп, Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук беришти.

Белгилесек, 10-июнда Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан алынып, анын ордуна Алтынбек Рысбеков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18006