Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду
RU

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон.

"Ынтымак Ордодон" билдиргендей, президенттин дагы бир тескемеси менен Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Белгилесек, Таалайбек Ибраев министрлик кызматка 2022-жылы дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17992