"Манас" университети кампус аркылуу жол курууга каршылыгын билдирди
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректораты студенттик шаарчанын аймагы аркылуу жол куруу планына макул эместигин билдирди.
Окуу жайдын ачык билдирүүсүндө 30 жыл ичинде 16 миңге жакын бүтүрүүчүнү даярдап, Кыргызстандын билим берүү, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкону белгиленген.
"Билим берүү, илимий изилдөө жана коомдук ишмердүүлүк жаатындагы жетишкендиктердин аркасында университет дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин жана Борбор Азиядагы алдыңкы он университеттин катарына кирген. Кыргыз-Түрк "Манас" университети эл аралык рейтингдерде дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин тизмесине кирген Кыргызстандагы жалгыз жогорку окуу жай болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети коомдук кызыкчылыктар үчүн ар кандай конструктивдүү диалогго ачыктыгын, бул маселе эл аралык милдеттенмелерди жана институттук укуктарды сактоо менен чечилет деген үмүттө экенин кошумчалаган.
Эске салсак, Бишкектин башкы планынын долбооруна ылайык, Миңжылкыев көчөсү "Манас" университетинин аймагын аралап өтүп, Манас проспектисине кошулары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагына кирип, Тыналиев көчөсүнө кошумак.
11-июнда Бишкек мэриясы аталган жолдорду ачуу максатында "Манас" университетинин кампусун курчап турган тосмону бузуу иштерин баштаган. Бирок айрым шаардык активисттер жана университеттин студенттери бул долбоорго каршы кол топтоп башташкан.
