Бишкектин Киев көчөсү жарым-жартылай жабылат
RU

Бишкектин Киев көчөсү жарым-жартылай жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Киев көчөсү бир нече күндөн кийин реконструкциялоо үчүн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев коомдук талкууда билдирди.

Айтымында, көчө толугу менен жабылбайт. Биринчи этапта жылуулук түтүктөрү алмаштырылат, ошондуктан айрым кесилиштер жол кыймылы үчүн ачык бойдон калат.

Бишкек мэриясы буга чейин Киев көчөсүнүн бир бөлүгүн реконструкциялоо боюнча концепцияны сунуштаган.

Долбоорго ылайык, аталган көчөдө жөө жүргүнчүлөргө, велосипедчендерге тилке каралган. Ошондой эле коомдук транспорт жана жеңил унаалар үчүн тилке болору кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17966