Тогуз айлык наристе дааратканага түшүп чарчап калды
16
Бишкекте 9 айлык наристе үйдүн короосундагы дааратканага түшүп чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Kaktus.media сайтына билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 12-июнда Биринчи Май районунда болгон. Кырсык тууралуу куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу барып, наристени дааратканадан алып чыгып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.
Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18014
