Активист Мавлян Аскарбековдун кармалганы айтылды
194
Активист Мавлян Аскарбеков УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Анын кармалышынын себеби азырынча белгисиз. УКМК расмий комментарий бере элек.
Аскарбековдун кармалганын журналист Адилет Айтикеев жазды. Ошондой эле активисттин аялы да маалыматты тастыктады.
Бүгүн, 13-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда анын бөгөт чарасы тандалат.
Тема боюнча:
Аскарбеков камакка алынардан мурда ага каршы провокациялык материалдар таратылып жатканын жана аны "эл душманы" катары көрсөтүүгө аракеттер болуп жатканын жазган. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери анын үйүнө барып, сүйлөшүп, жашыруун видеого тартып алышкан деп ырастаган.
Активист бул жаздыруулар аны дискредитациялоо үчүн монтаждалып, жарыяланган деп эсептейт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18018
