"Шумкар" полкунун командири кармалды
RU

"Шумкар" полкунун командири кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун командири Майрамбек Имангазиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан Kaktus.media сайтына билдиришти.

Айтымдарында, командир 22-майда кармалган. Ошондой эле аталган полктун кадрлар бөлүмүнөн дагы бир нече кызматкерлер кармалган дешет маалымат булактар.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17870