Өлкөдө окуу жылы 15-сентябрда башталат
RU

Өлкөдө окуу жылы 15-сентябрда башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Агартуу министрлиги 2026-2027-жылдагы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 25-майда аяктай турганын маалымдады.

Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитинин жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын өткөрүлүшүнө байланыштуу сунушталган.

Ага ылайык, мектептерде окуу программаларынын жана окуу пландарынын толук аткарылышын камсыздоо максатында токтомго өзгөртүү киргизилип, бекитилди.

Тактап айтканда, мектептердеги башталгыч класстар үчүн салттуу 5 күндүк окуу режими сакталат.

Ал эми жогорку класстарга окуу жылынын ичинде 8 ишемби күн кошулат. Болжол менен бул айына бир гана жолу ишемби күнү сабак өтүлөрүн билдирет.

Окуу жыл ичинде кайсы ишемби күнү окуу болорун мугалимдердин, ата-энелердин сунушун эске алуу менен уюштуруу сунушталат дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18121