Москвада киши колдуу болгон кыргызстандык боюнча министрлик маалымат берди
Москвада дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык аялдын жансыз денеси батирден табылды. Орус маалымат каражаттары жазгандай, ал киши колдуу каза тапкан.
Тышкы иштер министрлиги аталган окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Россиядагы элчиликтин консулу ыкчам түрдө Москва шаары боюнча Тергөө комитетинин башкы тергөө башкармалыгына жөнөп кеткенин билдирди.
Ошондой эле элчилик тарабынан укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн.
Чет элдик басылмалардын маалыматында 33 жаштагы кыргызстандык аял бычакталып, сөөгү желим баштыкка оролуп, скотч менен чапталып, дивандын түбүнө катылганы айтылат. Маркумдун сөөгү 19-майда өзү жашаган батирдеги дивандын алдынан табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип бөлмөлөш мекендеши кармалып, дагы бир чогуу жашаган кыргызстандык Казакстанга чыгып кетүүгө үлгүргөнү айтылууда.
Министрлик окуянын чоо-жайы такталганда кошумча маалымат берилерин кабарлады.
