Бейшеналиевдин айтымында Каратаев андан эки кызмат сураган
RU

Бейшеналиевдин айтымында Каратаев андан эки кызмат сураган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министрдин экс-орун басары Мадамин каратев андан кызмат сураганын билдирди.

Бүгүн, 31-майда Бюджет жана финансы комитетинин Жогорку Кеңештеги жыйнында депутат Бактыбек Райымкулов эмне үчүн ведомоствонун жетекчиси орун басарын кызматтан кетирип, мурункудан төмөнүрөөк кызматка отургузганын сурады.

"Каратев министр боло алмак! Пандемия учурунда Каратаев жалгыз өз милдеттерин аткарып жатты, калгандары жашынып, больничный алып алышкан. Бирок сиз аны кызматтан кетирип, тубдиспансерге жетекчи кылып дайындап койдуңуз. Мындай күчтүү кадрларды ведомоствону өнүктүрүү үчүн кармаш керек болчу", - деп Райымкулов белгиледи.

Министр, Каратаев өзү иштен кетүүнү каалады, деп жооп берди.

"Ал мага келип эки кызматты сурады. Бир эле багытты аркалап, ошону өнүктүргүм келип жатат деген. Каратаев алты айдын ичинде тубдиспасерлердеги абалды жөнгө салам, деп убада берген. Биз премьер менен кеңешип, аны ошол жака дайындоону чечтик. Анан чындап эле кырдаал жакшыра баштады. Комиссия иштеп жатат. Мисалы Кеминде эки бейтапты 38 кызматкер тейлейт, ал эми Ивановка айлыныда тогуз бейтапты 40 кызматкер карайт. Кеминдеги бейтаптарды Токмокко алып келсекпи деген оюбуз бар", - деп министр айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1819