Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун боюнча Садыр Жапаровду "жооптуу" кылып дайындады
RU

Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун боюнча Садыр Жапаровду "жооптуу" кылып дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Сайдулла Нышанов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрин "ведомоствону начар жетектеп жатат" деди. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-майда, бюджет жана финансы комитетинин парламенттик жыйынында айтты.

"Мен сизди 16 жылдан бери билем. Жашкы хирургсуз, бирок министр катары болбой калдыңыз. Парламентти дагы тоготпойсуз, келбейсиз. Парламент чечим чыгарды, керек болсо парламентти кетирем дейсиз. Бирок бул убактылуу да. Үч чакырылыштын депутаты болуп жүрүп, сизден чоңураак сүйлөгөндөрдү көрдүм, бирок аягы жакшы бүткөн жок", - деди Нышанов.

"Иштей турган болсоңуз күнү-түнү чуркап иштешиңиз керек. Сиз рекламаны жакшы үйрөнүп алыпсыз. Каратаевди кетирдиңиз, иштебейт деп. Былтыр ковид болгондо, башкасынын бары иштебей бекинип алганда, ошол киши жанын сайып жалгыз иштеген, а сиз аны сындап туруп кетирдиңиз. Менимче сиз жактан бул туура болбой калды.

Балким президент сизди колдоп жатат, мамилеңер жакшы. Өзүңүз илимпоз, тажрыйбалуу врачсыз. Бирок уу коргошунга дүнүйө күлүп атат. Сиз өзүңүздү уят кылбай, элди уят кылдыңыз. Врачтарды уят кылдыңыз. Алар ыйлап жатат 8-10 жыл окуп, ушундай жетекчиге туш болдук деп. Ошону менен бүтүп, калбай кийин кайра Жапаров Путин менен уу коргошун тууралуу сүйлөштү, деп кайра айтып чыктыңыз. Же парламент кетиш керек, же сиз кетишиңиз керек. Уу коргошун тууралуу профессорлор бүтүм чыгаргандан кийин айтып берсеңиз эл башкача кабыл алмак", - деди Сайдулла Нышанов.

Бейшеналиев депутатка жооп кайтарып, комитеттин жыйынына эки жолу кана келбей калганын билдирди. Биринчисинде Өзбекстанда болгонун, экинчисинде Ошто инфекциялык оорукананын ачылышына жөнөп кеткенин айтты.

"Уу коргошун тууралуу маалымат менден чыккан эмес. Ким биринчи айтып чыкканын билесиңер. Андан кийин врачтардан сурай башташты, мен соккуну өзүмө алдым. Бирок Жапаров чынында эле Путин менен уу коргошун тууралуу сүйлөшүшкөн. Путин өзү андан сураган экен", - деп министр баса белгиледи.

  • 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфир учурунда уу коргошунду ичкен. Анын айтымында Садыр Жапаров экөө коронавирустан жабыркагандарга дары даярдап жатышат.
  • Мындан мурун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирустук инфекциядан уу коргошун менен дарыланса болот деп билдирген. Өзүнүн социалдык баракчасына "Биздин дарыгерлер оорунун баштапкы стадиясында бир-эки күндө дарылоонун жолун табышты" деп жазган.
  • Президенттин аппаратында уу коргошундун тундурмасы "Ала-Арча" резиденциясында кайнатыла тургандыгы белгилүү болгон.
  • Ал ортодо, эксперттер айгай сала башташты, анткени аконит өсүмдүгүн колдонуу 5 мүнөттүн ичинде адамдын өлүмүнө алып келет. Активисттер Саламаттыкты сактоо министрине карата кылмыш ишин козгоп, президентке импичмент жарыялоону сунушташкан.
  • Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлчүлүгү Aconítum soongáricum (уу коргошунду) колдонуу боюнча билдирүү жасап, анда клиникалык изилдөөлөрдөн өтө элек препарат каттоого алынып, калк тарабынан массалык түрдө колдонууга сунушталуусуна тыюу салынат, деп айтылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1816