Министр ипотекалык үйлөрдөгү унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги боюнча жооп берди
13
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мамлекеттик ипотекалык компаниялар курган үйлөрдө унаа токтотуучу жайдын жетишсиздиги боюнча түшүндүрмө берди.
Министр "Ачык кабинет" иш-чарасында журналисттерге мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизги максаты калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу экенин айтты.
"Биринчи үй маселесин чечиш керек. Андан кийин гана унаа токтотуучу жайларга өтүш керек. Баарыбыз эле унаа айдагыбыз келет. Бирок биринчи кезекте алган насыяны төлөп, андан кийин унаа алуу тууралуу ойлонуу керек", - деди Орунтаев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18215
