Бишкекте сойкулукка каршы рейд жүрүп, 10 адамга протокол түзүлдү
RU

Бишкекте сойкулукка каршы рейд жүрүп, 10 адамга протокол түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ленин районунда "Притон" аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.

Ленин РИИБден билдиришкендей, рейддин алгачкы эки күнүндө жалпы 30 жаран тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Алардын ичинен 10 жаранга карата 109-2-берене (Сойкулук менен алектенүү) боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлдү.

Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт дешти милициядан.

Ленин РИИБи мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана коомдук коопсуздукту сактоо багытындагы профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18353