Тигүүчүлөр менен маркетплейстерде иштегендер салык төлөөдөн убактылуу бошотулушу мүмкүн
Орусияда Wildberries'тин бир нече кампасына жасалган дрон чабуулунан кийин Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Салык кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорунун ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу электрондук соода рыногунда түзүлгөн кырдаалдын кесепеттери талкууланды.
"Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салыктык жүктү азайтуу жана ата мекендик бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо максатында Салык кызматы тигүү тармагынын ишканалары үчүн учурда түшкөн кирешенин 0,25 пайызын түзгөн бирдиктүү салыктын ставкасын ушул жылдын аягына чейин убактылуу нөлгө түшүрүүнү сунуштап жатканын белгиледи. Ушундай эле чара, анын ичинде эл аралык маркетплейстер аркылуу товарларды саткан ишкердик субъекттерине карата да сунушталууда. Алар үчүн учурда бирдиктүү салыктын ставкасы 2 пайызды түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Бул демилге учурдагы экономикалык шарттарда ата мекендик бизнести колдоого, жумуш орундарын сактап калууга, өндүрүштү жана экспортту стимулдаштырууга, ошондой эле электрондук коммерцияны мындан ары өнүктүрүүгө багытталган дешет мекемеден.
Кеңешменин жүрүшүндө бүгүнкү күндө маркетплейстер аркылуу болжол менен 30 миңге жакын ишкердик субъекти иш алып барары жана алардын саны жыл сайын өсүп жатканы белгиленди.
Талкуунун жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга андан ары кароо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.
