Wildberries кампасындагы өрттөн жабыркаган 2 кыргызстандыктын абалы айтылды
RU

Wildberries кампасындагы өрттөн жабыркаган 2 кыргызстандыктын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орусиянын Котовск жана Электросталь шаарларындагы Wildberries кампаларына дрондор чабуул жасап, бир нече адам жабыркап, 8 киши каза болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кырсыктан жабыркаган мекендештер тууралуу 20-июлга карата маалымат таратты.

"Кыргыз Республикасынын Н.А. жана Ж. уулу А. аттуу эки жараны ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Учурда алар Электросталь шаарынын ооруканасында, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - дешет элчиликтен.

Азыркы учурда каза болгондордун арасында кыргыз жарандары бар, жок экендиги тууралуу расмий ырасталган маалымат жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18306