Автобуста аялга кол көтөрүп, чуу чыгарган киши кармалды
90
Бишкекте автобуста коляска менен бараткан аялга кол салган 34 жаштагы киши кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББден кабарлашты.
Маалым болгондой, окуя 13-июлда болжол менен саат 18:30 чамасында Чүй проспектисинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, аял 34 жаштагы кишинин бутун капысынан тебелеп кеткен. Натыйжада чыр чыгып, киши аялга кол салып, аны уруп жиберген.
Күбөлөр окуяга аралашып, милиция келгенге чейин аны кармап турушкан. Жерине келген милиция текшерүү жүргүзүп, 1992-жылы туулган А.О. аттуу жаранга 126-беренеге (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүшкөн. Шектүү соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18250