Велосипедчен жигит унаа менен сүзүшүп каза болуп калды
Бишкекте велосипед тээп бараткан 22 жаштагы жигит унаа менен кагышып, каза болду. Маалыматты Кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык 4-августта саат 19:20 чамасында Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, 1996-жылы туулган айдоочу айдап бараткан Mercedes-Benz 320 үлгүсүндөгү унаа Абдрахманов көчөсүндө түштүктү көздөй бара жаткан. Ошол учурда 22 жаштагы велосипедчи жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеге жетпей, велосипедди буруп, унаа менен кагышкан.
Тема боюнча:
Кырсыктын кесепетинен 22 жаштагы жигит окуя болгон жерде каза болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18451
