Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
RU

Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Все самое интересное в Telegram

Президент Садыр Жапаров "Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Бул документ Салык кодексиндеги боштуктарды жана карама-каршылыктарды четтетүүгө, ошондой эле ишкердик иш жүргүзүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Салык кодексиндеги өзгөртүүлөргө ылайык, креативдүү индустриялар паркынын резиденттери (IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан эмгектенгендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер жана блогерлер) 5 жылдык мөөнөткө бирдиктүү салыктан бошотулду.

Сауна жана мончолор үчүн бирдиктүү салык 5 пайыз, коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөн субъекттер үчүн Бишкек жана Ош шаарларында 5 пайыз, ал эми калган аймактарда 3 пайыз деп белгиленди. Аталган ченемдер 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Алтын жана күмүш боюнча тоо кендерин казып алуучу жана/же тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканалардын кирешелерине салыктын ставкасы эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен жогорулатылды. Ошондой эле транзакцияга салык режиминин аныктамасы такталып, аны колдонуу чөйрөсү кеңейтилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18475