Автобуста чачташып кеткен аялдар милицияга жеткирилди. Видео
RU

Автобуста чачташып кеткен аялдар милицияга жеткирилди. Видео

Все самое интересное в Telegram

Бишкектеги автобустардын биринде аялдар чачташып кетти. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Айрым маалыматтарга караганда, чыр-чатак улуу муундун өкүлү "жаштар чоңдорго сый көрсөтпөйт" деп нааразы болгондон кийин башталган. Ага башка жүргүнчү жооп кайтарып, кайым айтышып, андан кийин чачташып кетишкен.

Бишкектин Свердлов РИИБи тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 1963-жылы туулган К.Ф жана 1992-жылы туулган П.А атту жарандар тергөө бөлүмүнө жеткирилген. 63 жаштагы аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алынат дешти милициядан.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18508