Былтыр Кыргызстанга 1300 электромобиль импорттолгон. Көбү Кытайдан алынган
RU

Былтыр Кыргызстанга 1300 электромобиль импорттолгон. Көбү Кытайдан алынган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз өлкөсүнө 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 1,3 миң электромобиль импорттолгон. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

2022-жылы электромобилдердин көбү Кыргызстанга Кытайдан алып келинген. Ошондой эле Корея, Литва жана Германиядан импорттолгон. Жалпысынан 35,1 миллион долларга унаалар алынган.

Эске салсак, 2023-жылы Кыргызстанга 10 миң электромобилди салыксыз алып келүү мүмкүн болору кабарланган. Евразия экономикалык комиссиясы буга чейин Кыргыз Республикасы үчүн ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок автоунааларды ташып келүүгө тарифтен бошотууну белгилеген.

Ошондой эле буга чейин Министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлер үчүн электромобилдерди сатып алууга 450 миллион сом жумшай турганы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9971