Жапаров Ташиев "кустуризациядан" түшкөн сумманы жогорулатып айтканын билдирди
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тушунда коррупцияга каршы күрөштөн 4 миллиард доллар түшкөн эмес. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде айтты.
Айтымында, мамлекетке кайтарылган мүлктүн баалары жогорулатылган.
"Башында эле "10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда, "Ай, досум, цифралар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса "жеп алды" деп айтат эл. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. Кантип 300 миллиард болуп кеткен? Мисалы, конфискация болгон 100 000 долларлык батирди алып, аны 300 000 долларга баалаган. Эгер ал базарда 100 000 доллар турса, аны кимге сатасың?" - деди Жапаров.
Учурда канча мүлк мамлекетке алынганын жана кийин канчага сатылганын аныктоо үчүн аудит жүрүп жатканын кошумчалады.
"Азыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жүздөгөн мүлк бар, аларды сата алышпайт. Мисалы, мүлктүн баасы чындыгында 1 миллион долларды түзөт, бирок ал 10 миллион долларга бааланган. Натыйжада, ал сатылбай калууда", - деп белгиледи ал.
Президент ошондой эле коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчага УКМКнын аймактардагы имараттары салынып, балак бакча, мектеп, парктар курулганын кошумчалады.
