Саламаттыкты сактоо министри поликлиниканын дарыгерине каршы дебатка чыгууга макул болду
RU

Саламаттыкты сактоо министри поликлиниканын дарыгерине каршы дебатка чыгууга макул болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Бахтияр Абсаматов менен жолугушууга макул болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Абсаматов өзү кабарлады.

Анын айтымында, министрликтин башчысы жергиликтүү ЖМКлардын бирине интервью берип, ишемби күнү жолугушууга даяр экенин айткан. Бирок дебаттын өтө турган убакытсын, жана жерин тактаган эмес. Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер менен да байланышка чыга элек.

Үй бүлөлүк дарыгер саламаттыкты сактоо министрине кайрадан Kaktus.media редакциясы аркылуу кайрылууну чечти:

- Алымкадыр Савирдинович!

Биринчиден, жогоруда мен атап кеткен маселелерди талкулоо үчүн алтынчы күну жолугууга макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Мен сизден саат канчада жана кайсы жерде жолугалы, жана ЖМКлардын катышуусуна каршы эмессизби, деп тактап алайын дегем.

Экинчиден, мен бир ай бою сизге жолугушууга аракет кылдым. Беш ирет телефон чалып, бир нече жолу кабылдамаңызга бардым. Министрликке 523 каттоо номери менен кат да таштагам. Эгер сизге Абсаматов Бахтияр деген дарыгер жолугам деп жүрөт, деген маалыматты эч ким жеткирбесе, бул менин күнөөм эмес.

Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун сөзү менен сунушун колдоп турушубуз керек - бул биздин позиция. Ал мындай деген болчу:

Жумуш издеп чет өлкөгө кетип жаткан медиктердин агымын токтотуу зарыл. Кадрлар жетишсиз болуп жаткан жерлерге жаш адистерди тартып келүү керек, ж.б.

Мен сизден жооп күтөм!

Эске салабыз, Үй бүлөлүк дарыгер Бахтияр Абсаматов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин медиктерди калпычы деп айтканынан кийин кечирим сурайбы деп күттү эле, андай болгон жок. Министрдин мамлекеттик ооруканаларда иштеген доктурларга жеке менчик клиникаларга иштөөсүнө тыюу салыш керек, деген билдирүүсү кайрадан медицина коомчулугунун нааразычылыгын жаратты.

Бахтияр Абсаматов министр Бейшеналиевдин дебатка чакырууну чечкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1857